Купуялык саясаты

JashMen — jashmenstudio.com

Акыркы жаңыртуу: 2026-жылдын 6-сентябры

JashMen — кыргыз тилиндеги каржы сабаттуулугу боюнча билим берүүчү колдонмо. Бул документте биз кандай маалымат чогултаарыбыз, эмне үчүн жана сиз аны кантип башкараарыңыз жазылган.

Биз кандай маалымат чогултабыз

МаалыматЭмне үчүн
АтыңызКолдонмодо жана лига таблицасында көрсөтүү үчүн
Электрондук почтаАккаунтуңузга кирүү үчүн
Сыр сөзАчык түрдө сакталбайт — bcrypt менен шифрленет
Профилдин сүрөтүМилдеттүү эмес. Өзүңүз тандасаңыз гана — колдонмодо жана лига таблицасында көрсөтүү үчүн
Google же Apple аккаунтуңуздун идентификатору Ошол баскыч менен кирсеңиз гана. Биз сиздин Google/Apple сырсөзүңүздү эч качан көрбөйбүз
Окуу прогрессиңизБүткөн сабактар, XP, серия, монета, жетишкендиктер
Алынган сыйлыктарКупондорду көрсөтүү жана өнөктөш менен эсептешүү үчүн
Биз чогултпаган нерселер: географиялык жайгашуу, байланыш дептери, микрофон, камера, түзмөктүн идентификаторлору, жарнама үчүн көзөмөлдөө маалыматтары.

Колдонмодо жарнама жок, аналитика SDK жок, көзөмөлдөө жок. Профилдин сүрөтүн тандаганда гана сүрөт китепканаңызга кирүү суралат — сиз тандаган бир сүрөт жүктөлөт, калганына кире албайбыз.

Маалымат кантип колдонулат

Үчүнчү тараптарга берүү

Биз сиздин жеке маалыматыңызды сатпайбыз жана жарнама тармактарына бербейбиз. Маалымат JashMen Studio башкарган серверде сакталат.

Кызмат иштеши үчүн бир нече тарап катышат:

КимЭмне үчүн
Google (Sign in with Google) Ошол баскыч менен кирсеңиз гана — ким экениңизди ырастоо үчүн
Apple (Sign in with Apple) Ошол баскыч менен кирсеңиз гана. Apple почтаңызды жашырууну сунуштаса, бизге ошол жашырылган дарек келет
СерверМаалымат Европадагы дата-борбордо, JashMen Studio ижарага алган серверде сакталат

Өнөктөш банктарга жана университеттерге жалпы сандар гана берилет — канча студент, канча сабак, канча сыйлык. Алар эч качан аттардын же почталардын тизмесин албайт.

Эскертмелер (push notifications)

Эскертмелер — милдеттүү эмес. Уруксат бербесеңиз, колдонмо толук иштей берет. Түзмөгүңүздүн жөндөөлөрүнөн каалаган убакта өчүрө аласыз.

Жаш курагы жана балдардын купуялыгы

JashMen 13 жаштан жогорку адамдарга арналган. Биз 13кө чыга элек балдардан атайын маалымат чогултпайбыз; ошондой бир маалымат кокустан келип калганын билсек, аны өчүрөбүз.

18ге чыга элек колдонуучулар ата-энесинин же камкорчусунун уруксаты менен колдонушун суранабыз. Ата-эне катары балаңыздын маалыматын көрүүнү же өчүрүүнү кааласаңыз, жазыңыз — биз ошол дарек чын эле сиздики экенин текшергенден кийин аткарабыз.

Колдонмодо жарнама жок, ошондуктан балдарга багытталган жарнама да, профилдөө да жүргүзүлбөйт.

Сиздин укуктарыңыз

Аккаунтту өчүрүү. Колдонмонун (же сайттын) Орнотуулар бөлүмүнөн «Аккаунтту өчүрүү» дегенди басыңыз — өчүрүү ошол замат аткарылат. Колдонмого кире албай жатсаңыз, бизге жазыңыз, 30 күндүн ичинде өчүрөбүз.

Толук кадамдар жана эмне өчүрүлөрү: jashmenstudio.com/delete-account

Өчүргөндөн кийин эмне калат

Сизди тааныткан эч нерсе калбайт: почта, ат, сүрөт, сырсөз, кирүү жолу, бүткөн сабактар, монеталар, купондордун коддору — баары жоголот.

Университетиңиздин жалпы упай саны гана калат, себеби ал бүт кампуска таандык жана сезондун жыйынтыгынын бир бөлүгү. Ал сан менен сиздин ортоңузда эч кандай байланыш калбайт — аны кайра сизге тагуу мүмкүн эмес.

Маалымат канча убакыт сакталат

ЭмнеКанча убакыт
Аккаунтуңуз жана прогрессиңизАккаунт өчүрүлгөнгө чейин
Кирүү сессияларыМөөнөтү бүткөнгө чейин же чыкканыңызда
Алынган купондорАккаунт өчүрүлгөнгө чейин
Камдык көчүрмөлөр90 күн

Маалыматтын коопсуздугу

Өзгөрүүлөр

Бул саясат өзгөрсө, жогорудагы «акыркы жаңыртуу» датасы жаңыланат.

Байланыш

Суроолор боюнча: jashmenstudio@gmail.com